"Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштери текшерилди

"Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштери текшерилди

Чүй облусунда жайгашкан "Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания маалымдады.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев долбоорду ишке ашырууда инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ар бир жашоочу үчүн бирден унаа токтотуучу орун каралышы керек.

Ошондой эле турак жай комплексинин аймагында мектеп жана бала бакча куруу пландалып жатканы маалымдалды.

Каныбек Туманбаев курулуш аянтчасындагы коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруп, коопсуздук техникасы боюнча нускамаларды үзгүлтүксүз өткөрүү, бардык талаптарды жана нормаларды так сактоо, ошондой эле алардын аткарылышын толук көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо жана батирлерди өз убагында жарандарга тапшыруу милдеттендирилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет