Кыргызстан менен Кытай санариптик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Кытай санариптик кызматташтыкты күчөтөт

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жолугушууга Everbeacon Data Intelligence Technology компаниясынын өкүлдөрү катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды иштетүү боюнча заманбап чечимдерин сунушташты.

Тараптар санариптик трансформацияны өнүктүрүү, жогорку технологиялуу тармактарга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана өз ара пайдалуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Айрыкча "акылдуу шаар" концепциясы, санариптик билим берүү жана инфраструктураны башкаруунун заманбап системаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын делегациясынын Циндао шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп саналат. Ал биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга багытталган.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет