Кыргызстанда балдар жана энелер өлүмү жогору бойдон калууда

Кыргызстанда балдар жана энелер өлүмү жогору бойдон калууда

Улуттук статистика комитети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, 2026-жылдын башындагы демографиялык көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда балдардын жана ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээли өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жогору бойдон калууда. 2025-жылы 5 жашка чейинки балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 14,1 өлүмдү түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бираз төмөндөгөн. 

Ошондой эле ымыркайлардын өлүмү акыркы жылдары азайып жатканы байкалганы менен, дагы эле жогору бойдон калууда. 2025-жылы ар миң тирүү төрөлгөн ымыркайга 11,6 өлүм туура келди.

Мындан тышкары, энелердин өлүмү да олуттуу көйгөй бойдон калууда. 2025-жылы кош бойлуулук, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилдин татаалдашына байланыштуу 31 аял каза болгон. Бул ар жүз миң тирүү төрөлгөн балага 22,1 аялдын өлүмү туура келгенин көрсөтөт.

Бул көрсөткүчтөр эне жана бала саламаттыгын коргоо багытындагы иштерди күчөтүү, медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу зарылдыгын айгинелейт.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу