Ноокатта Интернационал айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат

Ноокатта Интернационал айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Интернационал айылынын Баарын участкасында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бул долбоор аймак калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Анын алкагында жаңы суу өткөрүүчү магистралды тартуу этабы ийгиликтүү аяктады.

Учурда төмөнкү курулуш-монтаждоо иштери аткарылды:

  • 2 километрден ашык заманбап суу түтүктөрү тартылды;
  • диаметри 110 мм болгон 1 031 погондук метр жана диаметри 75 мм болгон 1 037 погондук метр түтүктөр орнотулду;
  • темир-бетондон жасалган суу кудуктары курулду;
  • курама темир-бетон конструкцияларынан кудуктар тургузулду, алардын жалпы көлөмү 10,29 м³ түздү;
  • төшөлмө катмарды салуу, герметизациялоо жана коргоочу отмосткаларды жасоо иштери жүргүзүлдү.
Аталган долбоор ишке ашырылгандан кийин аймак тургундары сапаттуу жана туруктуу ичүүчү суу менен камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, продукциянын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр алынды.

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Талас облусунда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Долбоорго болжол менен 350 млн доллар инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Долбоорду ишке ашыруу боюнча министр Бакыт Сыдыков менен казакстандык QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев өз ара түшүнүшүү

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын