Салык кызматы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүктөрдү аныктады
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте "Ак-Жол" контролдук-өткөрмө пунктунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустар текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келе жаткан эл керектөөчү товарлар аныкталды.
Атап айтканда, самын каражаттары, кондитердик азыктар жана ар түрдүү тамак-аш продукциялары мыйзамсыз алып кирилгени белгилүү болду.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда эсепке алынбаган товарлардын жалпы наркын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.