УКМК Таласта 10 млн сомдон ашык жүктү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

УКМК Таласта 10 млн сомдон ашык жүктү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан күн мурун мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда мыйзамсыз жүк алып кирүү фактысына бөгөт коюлду.

Атайын кызматтын маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагына коммерциялык максатта арналган, тыюу салынган жана эсепке алынбаган товарлардын ири партиясы аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашат.

Учурда бул факты боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз өткөрүү, милдеттүү төлөмдөрдөн качуу жана тыюу салынган продукцияны мыйзамсыз жүгүртүү боюнча тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

УКМК мыйзамсыз алып кирүү, жашыруу жана тыюу салынган товарларды сатууга байланышкан аракеттер катуу көзөмөлгө алына турганын эскертип, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди.

Белгилей кетсек, ыкчам-издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Мамлекеттик салык кызматынын Талас облусу боюнча тиешелүү бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас Ордо" комплексинин жаңы объектилери ачылды

"Манас Ордо" комплексинин жаңы объектилери ачылды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин жаңыланган жана жаңы курулган объектилеринин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты. Салтанатта "Манас" эпосунун негизинде сахналаштырылган көрсөтүү тартууланып, төкмө акындардын аткаруулары болду. Мамлекет башчысы комплексти жаңылоо кыргыз элинин тарыхый-маданий

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, продукциянын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр алынды.

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Талас облусунда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Долбоорго болжол менен 350 млн доллар инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Долбоорду ишке ашыруу боюнча министр Бакыт Сыдыков менен казакстандык QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев өз ара түшүнүшүү

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду