Аравандагы дыйкандар алгачкы капуста түшүмүн экспортко чыгарууда

Аравандагы дыйкандар алгачкы капуста түшүмүн экспортко чыгарууда

Ош облусунун Араван районунда жашылча-жемиштер башка аймактарга салыштырмалуу 2-3 жума эрте бышары белгилүү. Учурда райондо капустанын "басай" сорту бышып жетилип, дыйкандар алгачкы түшүмдү экспортко чыгара башташты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен бидиришти.

Жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста да бышып, ички базарларга сунуштала баштайт. Мындан тышкары, жаңы бышкан сарымсак дагы сатыкка чыга баштайт.

Маалыматка ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери дыйкандарга түшүмдү экспортко чыгарууда керектүү документтерди даярдоого көмөктөшүп жатышат.

Араван райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Галдарбек Мадалиевдин маалыматына ылайык, райондо алгач капуста экспортко жөнөтүлөт. Андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай жана кокон гилас бышып, сырткы рынокко чыгарылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өндүрүлгөн капуста негизинен Казакстан жана Россия мамлекеттерине экспорттолот.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган