Бишкектин айрым райондорунда 21-апрелде суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 21-апрелде суу убактылуу өчүрүлөт

21-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу "Киркомстром" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Абакан көчөсү, Дэн Сяопин проспектиси, Кустанай көчөсү жана темир жол линиясы;
  • Кустанай көчөсү, Профсоюз көчөсү, Волков көчөсү, Садыгалиев көчөсү, П. Лумумба көчөсү жана Дэн Сяопин проспектиси.
Өчүрүү турак үйлөрдү, мектептерди, бала бакчаларды, саламаттык сактоо мекемелерин жана башка социалдык-тиричилик, өндүрүш объектилерин камтыйт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Мындан тышкары, жарандар "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, суу өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды өз убагында алып тура алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган