Ошто 124 млн сомго курулган “TES HOTEL” мейманканасы ачылды

Ошто 124 млн сомго курулган “TES HOTEL” мейманканасы ачылды

Кечээ Ош шаарында заманбап талаптарга жооп берген “TES HOTEL” мейманканасынын жаңы имараты расмий ачылды. Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков катышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мейманкана алгач 2003-жылы 5 бөлмөлүү чакан конок үй катары ишин баштап, бүгүнкү күндө 52 бөлмөлүү заманбап комплекс катары кеңейди.

Долбоордун жалпы наркы 124 миллион сомду түзүп, анын ичинен 83 миллион сомдон ашууну Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Жаңы имаратта энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык технологиялар колдонулуп, заманбап жылытуу жана абаны тазалоо системалары орнотулган.

“TES HOTEL” негизинен чет өлкөлүк туристтерди жана иш сапар менен келген конокторду кабыл алат. Долбоор шаардагы мейманкана бизнесин өнүктүрүүгө салым кошкон заманбап объект катары бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет