Ошто “Мадина” кондитердик цехи ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

Ошто “Мадина” кондитердик цехи ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

Кечээ Ош шаарында “Мадина” аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке кирди. Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана коомдук ишмерлер катышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Иш-чарада шаар башчысы ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында иштер жүрүп жатканын белгилеп, инвесторлорду кызматташууга чакырды. Анын айтымында, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн мамлекеттик кызматтарды ыкчамдатуу чаралары көрүлүүдө.

Аталган ишкана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сомдук колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү. Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды