Кочкор районунда “Адал азык” социалдык дүкөнү ачылды

Кочкор районунда “Адал азык” социалдык дүкөнү ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунда калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган “Адал азык” аталышындагы жаңы социалдык дүкөн өз ишин баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Аталган дүкөн “Тойбосс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ачылып, долбоор Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Ормон-Хан айыл өкмөтү жана Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Социалдык дүкөндө “Тойбосс” фирмасы өндүргөн продукциялар, ошондой эле уй, жылкы жана тоок эттери жеткиликтүү, арзан баада сунушталууда. Бул демилге жергиликтүү калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу менен бирге, баалардын туруктуулугун сактоого жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Мындай социалдык долбоорлор аймактагы жашоочулар үчүн чоң колдоо болуп, калктын турмуш деңгээлин жакшыртууга өз салымын кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет