Нарында курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарында курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарын шаарында курулуп жаткан саркынды суу түтүктөрүнүн курулушу учурунда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана белгиленген эрежелердин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул мыйзам бузуулар курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарына жана сапат стандарттарына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan” өкүлчүлүгүнө карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык тараптарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, эрежелер бузулган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет