Тоңдо 100 орундуу бала бакча жыл аягына чейин пайдаланууга берилет

Тоңдо 100 орундуу бала бакча жыл аягына чейин пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордун жалпы наркы 83 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, аянты 1404 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу бала бакча бардык заманбап талаптарга жооп берип, бөбөктөр үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери “Компания Уста Групп” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүргүзүлүп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Жаңы бала бакчанын пайдаланууга берилиши аймактагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет