“Дөөлөт курулуш” объекттери боюнча иштер мамлекеттин көзөмөлүндө

“Дөөлөт курулуш” объекттери боюнча иштер мамлекеттин көзөмөлүндө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Базис-М” ЖЧКсынын (“Дөөлөт курулуш” компаниясы подрядчы болгон) үлүш ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын февраль айында жарандардын кайрылууларынын негизинде аталган компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, министрликке тиешелүү тапшырмалар берилген.

Акыркы эки айда документтерди юридикалык жактан тариздөө иштери жүргүзүлүп, анын негизинде министрликке караштуу “Мамлекеттик курулуш компаниясы” түзүлдү. Учурда тиешелүү документтер Юстиция министрлигинде каттоодон өтүүдө.

Алдыда жаңы компания “Базис-М” ЖЧКсынын объекттерине уюмдаштыруучу катары кирип, курулуш иштерин мыйзамдуу негизде жандандыруу пландалууда.

Министр Нурдан Орунтаев бул иштер көп баскычтуу жана татаал экенин белгилеп, юридикалык, техникалык жана финансылык маселелер убакыт талап кыларын билдирди.

Ошондой эле акыркы жылдары курулуш материалдарынын баасы кескин өзгөргөндүктөн, долбоорлорду кайра сметалык эсептөөлөрдөн өткөрүү зарылдыгы жаралган.

Жолугушууда үлүш ээлеринин суроолоруна жооп берилип, мындан аркы иштердин этаптары түшүндүрүлдү.

Белгилей кетсек, төрт жыл мурда турак жай сатып алган айрым жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерин ала элек. Курулуш иштери каржылык көйгөйлөрдөн улам токтоп калган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айыл чарба продукциясын өндүргөн жана кайра иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы "Оберон" ишканасында жашылча-жемиштерди сактоого арналган 12

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары