Кыргызстанда кант өндүрүшү жана рынокту жөнгө салуу маселелери талкууланды

Кыргызстанда кант өндүрүшү жана рынокту жөнгө салуу маселелери талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Р.К. Балтабаев МЭК САР өкүлү жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын "Кант" кластери боюнча жетекчиси Алмазбек Алтыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшү, анын ички рынокто сатылышы, ошондой эле тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл бааларды жөнгө салуу механизмдерине жана рыноктун туруктуулугун камсыздоого бурулду.

Белгиленгендей, учурда кант рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда. Ошол эле учурда тармактын мындан аркы өнүгүшүнө таасир этүүчү айрым тобокелчиликтер бар экени айтылып, аларды азайтуу боюнча мүмкүн болгон чаралар каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кант тармагындагы туруктуулукту камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында мындан ары да өз ара кызматташууну улантууга жана аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айыл чарба продукциясын өндүргөн жана кайра иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы "Оберон" ишканасында жашылча-жемиштерди сактоого арналган 12

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары