Туризмди өнүктүрүү фондунда 90 млн сомдук зыян аныкталды
Башкы прокуратура тарабынан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдарына карата бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анын алкагында өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүү боюнча жасалма оң көрсөткүчтөрдү жаратуу максатында мамлекет үчүн пайдасыз консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлгөн.
Бирок аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес. Аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 90 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.