Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча расмий маалымат

Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча расмий маалымат

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги социалдык тармактарда Тамчы аймагындагы көл жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Көлдүн жээги саздак болгондуктан туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда. Мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик обьекттерде кеңири колдонулуп келет.

Учурда аталган аймакта көлдүн жээгиндеги саздак участоктордун абалын жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана грунт төгүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштер көлдүн акваториясын кеңейтүү же көлдү толтуруу максатын көздөбөйт. Төгүлгөн грунт белгиленген көлөмдө тегизделип бүткөндөн кийин жээк мурдагы чегинде сакталат, саздак жерлердин абалы гана жакшыртылат.

Белгилей кетсек, бул жерде колдонулуп жаткан грунт ушул эле аймактан алынган. Грунт төгүлгөндөн кийин үстүнө кошумча эленген кум катмары төшөлөт. Учурда Экологиялык коопсуздук боюнча бардык талаптар толугу менен сакталууда.

Алсак:

  • Аймакка химиялык же башка зыяндуу заттар төгүлгөн жок;
  • Жүргүзүлүп жаткан иштер курулуп жаткан пансионаттар үчүн жээкти бекемдөө жана инженердик коргоо чаралары катары гана аткарылууда;
  • Тамчы аймагында учурда 5 жылдыздуу 3 пансионаттын курулушу жүрүп жатат жана иштер тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтердин негизинде жүргүзүлүүдө.
Министрлик тарабынан мыйзамдуулукту сактоо жана экологиялык талаптарды камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери улантылууда.

Такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана таянууга чакырабыз.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айыл чарба продукциясын өндүргөн жана кайра иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы "Оберон" ишканасында жашылча-жемиштерди сактоого арналган 12

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары