Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?

Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 22-апрелге карата Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия жана Казакстан) негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым товарлардын баасы бир аз жогорулаганы, ал эми бир катар азыктар арзандаганы аныкталды. Тактап айтканда, сабиз 0,3%га, тазаланган күн карама майы 0,1%га өскөн. Ошол эле учурда жумуртканын баасы 2,5%га, каймак май 1,7%га, импорттолгон буудай уну 1,4%га, тандыр нан 0,3%га, сүт, эт жана башка азыктар 0,1–0,3%га чейин арзандаганы байкалган.

Казакстанда болсо айрым азык-түлүк товарлары кескин кымбаттаганы белгиленди. Өзгөчө баш пияздын баасы 32%га өскөн. Мындан тышкары күрүч, сабиз, кумшекер, сүт жана башка азыктар да 0,5–4,2%га чейин кымбаттаган. Ошол эле учурда каймак май жана айрым макарон азыктарынын баасы төмөндөгөн.

Россияда азык-түлүк баалары салыштырмалуу туруктуу бойдон калганы менен, бир катар товарларда өсүү байкалган. Атап айтканда, сүт 1,4 пайызга, сабиз 1,2%га, кумшекер 1,1%га, картошка жана жумуртка 0,8–0,9%га чейин кымбаттаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн мониторинг азык-түлүк рыногундагы учурдагы абалды көзөмөлдөөгө жана баа саясатын талдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, электробустар шаардагы коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке киргизилүүдө. Алар үчүн керектүү кубаттоо станциялары жеткирилип, "

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук