Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ишкаван айылында жаңы, заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 5613 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттан турат. Билим берүү мекемеси бардык заманбап талаптарга жооп берип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын шарттар каралат.

Мектепте 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лабораториялар, санитардык талаптарга жооп берген ашкана, китепкана, 300 орундуу амфитеатр тибиндеги актовый зал, лифт, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын санитардык түйүндөр каралган. Мындан тышкары, 120 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап спорт залы да курулат.

Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Учурда имараттын пайдубалын куюу иштери толук аяктап, объектте 90 жумушчу эмгектенүүдө.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1500гө жакын окуучуга билим алууга шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейинки мектеп имараты 1990-жылдары кичи ишкана катары курулуп, кийинчерээк билим берүү мекемеси катары пайдаланылып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, электробустар шаардагы коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке киргизилүүдө. Алар үчүн керектүү кубаттоо станциялары жеткирилип, "

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук