Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы токтомуна ылайык, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтык окладдардын жана педагогикалык ставкалардын колдонуудагы өлчөмдөрүн 60%ге жогорулатуу каралган. Мындан тышкары билим берүү системасынын кызматкерлерине 15 000 сом, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.

Президенттик компенсация өргүүлөрдү, жөлөк пулдарды, ошондой эле бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставка үчүн төлөнөт.
Жаңы эмгек акы төлөө шарттарында минималдык базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө сакталат жана ал эмгек акыны эсептөөнүн негизи болуп калат.
Мындан тышкары, мугалимдердин эмгек акысы билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, окумуштуулук даражасына, ардак наамдарына, квалификациялык категориясына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендигине байланыштуу кошумча төлөмдөр жана үстөктөр менен аныкталат. Мурда STEM багытындагы мугалимдерге өзүнчө коеффициент колдонулса, эми бардык мугалимдер үчүн бирдей коеффициент киргизилди.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча орточо эмгек акы 42 948 сомду түзөт, ал эми билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы жогорулатылгандан кийин 50 551 сомго жетет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media