Өзгөндө 1,94 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Өзгөндө 1,94 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Ош облусунун Өзгөн районунда 1,94 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз берилиши аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин алкагында райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Аныкталгандай, айрым жарандарга жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.

Учурда бул иш боюнча бардык жагдайлар такталып, тиешеси бар адамдарды аныктоо багытында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө №2 тоннелинин өтмөгү аяктады. Ал темир жол багытында өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүрүп

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын