Сел агымдарынан кийин профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

Сел агымдарынан кийин  профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

2026-жылдын 30-апрелинен 2-майына чейин өлкөнүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынын айрым калктуу конуштарында турак үйлөрдү, короо-жайларды жана инфраструктура объекттерин суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кече кечинде катуу жааган жамгырдан улам пайда болгон сел Баткен районунун Ак-Татыр жана Үч-Дөбө айылдарында катталган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча ыкчам тобу жеринде тийиштүү чараларды көрүшүп, жалпысынан 149 адамды эвакуациялаган.

Өзгөчө кырдаалдын алгачкы сааттарынан тартып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык абалга ыкчам көзөмөл уюштурулуп, жогоруда айтылган региондордо көчмө эпидемиологиялык бригадалар иштеп, профилактикалык жана дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?