Бишкекте жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча акысыз текшерүү өтөт

Бишкекте жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча акысыз текшерүү өтөт

Бишкекте жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууга арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга арналган иш-чаралардын алкагында, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Саламат жүрөк - чекаптан өт» маалыматтык-алдын алуу акциясын өткөрүп жатат.

Акциянын максаты - жашоочуларга жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскертүү, тобокелчилик факторлорун өз учурунда аныктоого жардам берүү жана алдын алуу жана үзгүлтүксүз чекаптан өтүү - бул узак жана активдүү жашоого карай жөнөкөй кадам экендигин көрсөтүү.

Акциянын алкагында соода борборлоруна жана базарларга келген адамдар төмөнкүлөрдү камтыган медициналык текшерүүдөн акысыз өтө алышат:
артериялык басымды өлчөө;
дене салмагынын индексин аныктоо;
кандагы кант жана холестериндин деңгээлин өлчөө;
кардиолог-дарыгердин кеңеши.

Иш-чаралар УКТБ адистеринин жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жана А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин (БМК) ыктыярчыларынын катышуусунда өткөрүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media