Ала-Букада уруксаты жок курулуш иштери токтотулду

Ала-Букада уруксаты жок курулуш иштери токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча көзөмөл иштери улантылууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Т.Сартманбетов көчөсүндө жайгашкан “Аль Барака” соода жайы тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы аныкталды.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жаран А.З.Х. тарабынан курулушка уруксат берүүчү документтер алынган эмес. Бул Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган объект боюнча аныкталган мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилген. Бирок коюлган талаптар аткарылган эмес.

Натыйжада жаран А.З.Х.га карата 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандарды жана курулуш субъекттерин курулуш иштерин баштоодо бардык уруксат берүүчү документтерди өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн