Бишкектеги Ж.Бөкөнбаев көчөсү жарым-жартылай жабылат
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 12-майдан тарта Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө, Панфилов көчөсүнөн Республикалык ооруканага чейин жылуулук түтүктөрүн алмаштырат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө иштери жүрө турган тилкенин жалпы узундугу 321 метрди түзөт. Бул түтүктөр 1986-жылы колдонууга берилген.
Иш алып баруу учурунда Бөкөнбаев көчөсү аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет. Автоунаалардын өтүүсү үчүн бир тилке ачык калтырылат.