Республикада жазгы талаачылык иштерине даярдык 89% түздү

Республикада жазгы талаачылык иштерине даярдык 89% түздү

Республиканын аймактарында быйылкы жазгы-талаа иштерине кызуу даярдык жүрүүдө. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында жана сапаттуу айдоо-себүү иштерин жүргүзүү максатында техникаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери активдүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 97 миңден ашык айыл чарба техникасы катталган. Алардын ичинде 22 303 трактор, 11 563 соко, 3 497 үрөн сепкич, 15 467 мала, 855 жер семирткич чачкыч, 1 741 арык казгыч, 2 032 жер тегиздегич жана 8 926 трактор чиркегичи бар.

Учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 89%ды түздү.

Тактап айтканда:

  • 22 303 трактордун 20 863ү же 93,5%ы;
  • соколордун 93,7%ы;
  • үрөн сепкичтердин 93,5%ы;
  • малалардын 94,8%ы;
  • жер семирткич чачкычтардын 94,8%ы;
  • арык казгычтардын 95,2%ы;
  • жер тегиздегичтердин 93,6%ы;
  • трактор чиркегичтеринин 90,5%ы жазгы талаа иштерине даяр болду.
Мындан тышкары, республика боюнча жазгы талаачылык өнөктүгүнө 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар тартылган.

Айыл чарба министрлиги тарабынан жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз өткөрүү, дыйкандарды техникалык жактан камсыздоо жана талаа иштеринин сапатын жогорулатуу боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн