Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу талкууланды

Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу талкууланды

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу: билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын кызматташтыгы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иш-чара Башкы прокуратура тарабынан уюштурулуп, ага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлү коррупциянын мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдогу адилеттүүлүккө тийгизген терс таасири тууралуу баяндама жасап, коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, коррупцияга каршы аракеттенүүдө жаштардын ролу өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.

Иш-чаранын катышуучулары актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, коомдо коррупцияга каршы чыдамсыз мамилени калыптандыруу учурдун негизги талаптарынын бири экенин белгилешти.

Тегерек столдун жыйынтыгында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана бул багытта мамлекеттик органдар менен билим берүү мекемелеринин кызматташтыгын арттыруу боюнча резолюция кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн