Алайда 77 млн сомго курулган жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Алайда 77 млн сомго курулган жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Ош облусунун Алай районундагы Таш-Кыя айылында жайгашкан К.Тайчабаров атындагы жаңы мектептин курулуш иштери соңку баскычка жетти. Учурда объектте ички жасалгалоо, сырдоо иштери жүргүзүлүп, мектептин айланасына брусчатка төшөлүүдө.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы сметалык баасы 77 миллион сомду түздү.

Жаңы билим берүү мекемеси 150 окуучуга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана жыйындар залы каралган. Окуу жылы башталганда окуучулар жаңы мектепте билим ала баштайт.

Курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп, объект Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө курулду.

Белгилей кетсек, аталган долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү