Udacity платформасында кыргызстандыктар үчүн акысыз IT-курстар старт алды

Udacity платформасында кыргызстандыктар үчүн акысыз IT-курстар старт алды

Кыргызстанда жарандар үчүн Американын алдыңкы Udacity платформасынын окуу материалдарына жол ачкан "Kyrgyzstan Codes" билим берүү программасына кабыл алуу уланууда.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты — каалоочуларга заманбап санариптик көндүмдөрдү үйрөтүп, дүйнөлүк эмгек рыногунда аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү.

Окутуу Nanodegree форматында жүргүзүлөт. Программалар Google, Amazon жана NVIDIA сыяктуу ири технологиялык компаниялар менен биргеликте иштелип чыккан. Катышуучулар теориядан тышкары реалдуу практикалык долбоорлордун үстүндө иштешет.

Программага катышуу толугу менен акысыз. Курсту ийгиликтүү аяктаган жарандарга сертификат берилет.

Катышуучулар төмөнкү төрт багыттын бирин тандай алышат:

  • веб-иштеп чыгуунун негиздери;
  • Android тиркемелерин иштеп чыгуу;
  • маалыматтар аналитикасы;
  • жасалма интеллект жана ChatGPT менен иштөө.

Маалыматка ылайык, программа 2028-жылдын январь айына чейин жеткиликтүү болот. Ар бир багытты окууга 8 жума убакыт каралган.

Катталуу үчүн жарандар kgcodes.kg порталы аркылуу Udacity платформасына өтүп, керектүү багытты тандашы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн