Бишкек мэри Биринчи Май районунда 650дөн ашык тургун менен жолукту

Бишкек мэри Биринчи Май районунда 650дөн ашык тургун менен жолукту

Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда өтүп, ага 650дөн ашык адам катышты.

Жолугушуу саат 16:00дө башталып, жети сааттан ашык убакытка созулду. Тургундар жер мунапысы, канализация, ичүүчү суу, коомдук транспорт, социалдык жана муниципалдык объектилерди куруу жана оңдоо маселелерин көтөрүштү.

Ар бир маселе боюнча тиешелүү кызматтарга жана мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Шаар мэри ААРнын алкагында кошулган айылдарда бюрократиялык мамиле жана формалдуу жооптор болбошу керектигин белгиледи.

Жолугушууда муниципалдык объектилерди пайдалануу маселеси да талкууланды. Маалыматка ылайык, 2025-жылы шаарга сегиз объект кайтарылып берилип, алардын бешөө калыбына келтирилип ишке берилген.

Тургундар сейил бактардагы башаламан соода маселесин да көтөрүштү. Мэр коомдук жайларда соода атайын белгиленген жерлерде гана жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Жолугушууда коомдук кабылдамалар иштеп, тургундар жазуу түрүндөгү кайрылууларын тапшырышты. Ошондой эле прокуратуранын, ички иштер органдарынын жана башка мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү жеринде иш алып барышты.

Белгилей кетсек, Ленин районунун тургундары менен жолугушуу 15-майда саат 16:00дө К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 24.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн