Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчиктеги унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөрүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, 157 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 15-июнунда саат 14:00дө Бишкек шаарынын Чүй проспектиси, 168 дарегинде башталат. Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат.

Ачык аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн талапкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызын, өздүгүн тастыктаган документин жана кепилдик төгүмдүн төлөнгөнүн тастыктаган төлөм документтерин тапшырышы керек. Кепилдик төгүмдүн өлчөмү лоттун баштапкы суммасынын 10 пайызын түзөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефон номери аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрыла алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө