Кара-Балтадан курал-жарак катылган жашыруун жай табылды

Кара-Балтадан курал-жарак катылган жашыруун жай табылды

Кара-Балта шаарынын четинен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыруун жай эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле курал-жарак, жардыруучу заттар жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган.

Текшерүү учурунда жашыруун жайдан 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор, калибри тактала элек ок-дарылар, шпагиндин сигналдык тапанчасы, маркасы тактала элек төрт тапанча жана бир даана АК-74 автоматы алынган.

Учурда УКМК тарабынан жашыруун жайды уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү