Кыргыз мал чарба институтунда жаңы химиялык лаборатория ишке берилди

Кыргыз мал чарба институтунда жаңы химиялык лаборатория ишке берилди

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институтунда капиталдык оңдоодон өткөн имараттын жана жаңы химиялык лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Асел Кененбаева катышып, институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо илимди жана мал чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.

Ошондой эле мекеменин ишмердүүлүгүн колдоо максатында институтка жаңы микроавтобус тапшырылды. Андан соң мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Жыйынга Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси, KOPIA борборунун жетекчиси, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген адистер катышты.

Маалыматка ылайык, илимий институттун имараты KOPIA борборунун колдоосу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Ал эми жаңы химиялык лаборатория үчүн жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн