Кыргызстанда азык-түлүк баалары өзгөрдү: пияз менен картошка кымбаттады

Кыргызстанда азык-түлүк баалары өзгөрдү: пияз менен картошка кымбаттады

Кыргызстанда ошондой эле Россия жана Казакстанда негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Анализ нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка жана өсүмдүк майы сыяктуу товарларды камтыды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым азык-түлүк товарларынын баасы жогорулаганы аныкталды. Тактап айтканда, баш пияз 7%, картошка 6,5%, кой эти 3,3%, уй эти 2,4% жана кумшекер 1,1% кымбаттаган. Ошондой эле жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну, пастерленген сүт, макарон азыктары жана нан азыктарынын баасында да аз өлчөмдө өсүү байкалган.

Ошол эле учурда жумуртканын баасы 2,5% төмөндөсө, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 0,1% арзандаган.

Казакстанда макарон азыктарынын баасы кескин өсүп, спагетти 25,5% кымбаттаганы белгилүү болду. Мындан тышкары сабиз, күрүч жана уй этинин баасы өскөн. Ал эми тандыр нан, баш пияз, кумшекер, картошка жана сүт азыктары арзандаганы байкалган.

Россияда болсо сабиз, картошка, кумшекер жана эт азыктарынын баасы бир аз жогорулаган. Ошондой эле өсүмдүк майы, күрүч жана жумуртканын баасында өсүү катталган. Ал эми пастерленген сүттүн баасы 0,4% төмөндөгөн.

Мониторинг азык-түлүк рыногундагы баалардын өзгөрүүсүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү максатында өткөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн