Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп салынып жатат

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп салынып жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында алты мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын бири — Чолок-Терек айылында салынып жаткан 375 орундуу заманбап мектеп.

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда курулуш аянтында имараттын биринчи кабатынын колонналарын орнотуу иштери аткарылууда.

Башкы план боюнча мектеп эки кабаттан туруп, жалпы аянты 4048 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Жаңы билим берүү мекемеси пайдаланууга берилгенден кийин 750 окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.

Ошондой эле курулуш иштеринин ар бир этабы Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, текшерүүдөн өткөрүлүп жатканы маалымдалды.
Белгилей кетсек, айылдагы эски мектеп 1954-жылы ашар жолу менен 120 орунга ылайыкталып курулган. Учурда анда 527 окуучу билим алууда. Ал эми орун тартыштыгына байланыштуу 2025–2026-окуу жылында 10–11-класстарга окуучулар кабыл алынган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн