Нарында ата-энесиз балдарга жер тилкелери берилди

Нарында ата-энесиз балдарга жер тилкелери берилди

Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдардын турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында Кочкор районундагы 5 балага, Жумгал районундагы 3 балага жана Нарын районундагы 1 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары калктын аярлуу катмарына кирген жарандардын, анын ичинде балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо жана алардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү