Зардалы айылында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Зардалы айылында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Бүгүн Баткен районунун алыскы Зардалы айылында жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук жай президенттин фондунун эсебинен Баткен облусунда курулуп жаткан 10 кичи футбол аянтчасынын бири болуп саналат.

Ачылыш аземине катышкан Баткен районунун акими Данир Иманалиев бул долбоор жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтып, спортко болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле курулуп жаткан футбол аянтчалары жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүлүп берилип, жалпы элдин пайдалануусуна кызмат кыла турганы айтылды.

Учурда кичи футбол аянтчалары Баткен шаарынын Тамаша-Жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында, Баткен районунун Бужум айылында, Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ жана Кыштут айылдарында, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында курулуп жатат.

Белгилей кетсек, мындан ары да өлкө башчысынын колдоосу менен Баткен облусунун ар бир айылына футбол аянтчаларын куруу пландалууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү