Араванда өрүк бышып, сатыкка чыкты
Ош облусунун Араван районунда алгачкы өрүк түшүмү бышып, базарларга чыга баштады. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, районго караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүндө дыйкандар өрүктүн алгачкы түшүмүн жыйнап жатышат.
Учурда өрүктүн баасы 150-180 сомдон сатылууда.
Адистердин айтымында, быйылкы түшүмдүн сапаты жакшы болуп, түшүм жыйноо иштери этап-этабы менен уланат.