Манас шаарындагы мектепке 375 орундуу жаңы корпус курулууда

Манас шаарындагы мектепке 375 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Манас шаарынын Достук муниципалдык конушундагы Б. Осмонов атындагы мектепке 375 орундуу кошумча корпус куруп жатат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жаңы имарат 3 кабаттан туруп, жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт.

Кошумча корпуста заманбап окуу класстары, жыйындар залы, лаборатория, китепкана жана ашкана каралган. Учурда экинчи кабаттын дубалын тургузуу иштери жүрүүдө.

Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектеп эки нөөмөт менен иштеп, 800гө жакын окуучуга шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, 1965-жылы курулган мектепте учурда 3 нөөмөт менен 3000ге жакын окуучу билим алууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү