Ошто “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында 300 түп дарак отургузулду
Ош шаарындагы А.Навои көчөсүнө “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында 300 түп “катальпа нана” дарагы отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчөттөр ишкерлер тарабынан алынып келинип, аларды отургузуу иштерин Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери жүргүздү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышып, шаарды жашылдандыруу демилгесин колдоп жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, быйыл Ош шаарынын аймагына 20 миңге жакын дарак жана бадал, ошондой эле 1,5–2 миллион түп гүл отургузуу пландалууда.
Аталган иштер шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү максатында жүргүзүлүүдө.