Жумгал районунда 48 кичи футбол аянты пайдаланууга берилет

Жумгал районунда 48 кичи футбол аянты пайдаланууга берилет

Жумгал районунун аймагында жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана айыл жергесиндеги спорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында Президенттин турукташтыруу фондусунан беш айылга кичи футбол аянттары курулат. 

Президенттин өкүлчүгүнүн маалыматына караганда, учурда курулуш иштерине карата жер тилкелери даярдалып, жер жумуштары башталды. Футбол аянттары, Лама, Таш-Дөбө, Чаек, Кичи-Арал жана Чоң-Арал айылдарына салынат.

Бул долбоор жаштар үчүн заманбап шарттарды түзүп, спорт аркылуу ынтымакты бекемдөөгө жана келечек муундун ден соолугун чыңдоого чоң өбөлгө болот.

Президенттин турукташтыруу фондунун колдоосу менен Нарын облусуна 60 кичи футбол аянты куруу пландалса, быйыл анын 48и салынып колдонууга берилет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү

Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду