"Ак-Өргөдө" муниципалдык аймакты бошотуу иштери уланууда

"Ак-Өргөдө" муниципалдык аймакты бошотуу иштери уланууда

16-майда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан "Ак-Өргө" конушундагы Б. Алыкулов көчөсүндө муниципалдык аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Демонтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр алынган:
•даараткана — 7 даана (50 чарчы метр);
•капиталдык курулуштан тосмо — 60 м;
•жеңил конструкциядагы тосмолор — 40 м;
•тор тосмолор — 250 м;
•бастырма — 18 чарчы метр;
•темир торлор — 20 м;
•дарбазалар — 3 даана;
•бетон тосмолор — 10 даана.

Жалпысынан 2732 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Учурда демонтаж иштери улантылууда. Жер тилкелеринин чегинен чыгып, муниципалдык аймакты ээлеп алган жарандарды өз ыктыяры менен ээлеген жерлерин бошотууга чакырабыз.

Белгилей кетсек, бул аймак жашылдандырылып, тротуардын эки тарабына бак-дарактар отургузулуп,  тургундардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн  көрктөндүрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 86%1 жазгы талаа иштери аткарылды

Өлкө боюнча 86%1 жазгы талаа иштери аткарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 18-майына карата жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы айдоо иштери 703,9 миң гектар аянтта аткарылып, бул пландын 86,1 пайызын түздү. Жалпы жаздык

Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Кубакынын бурулушуна жол чырак орнотулууда

Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Кубакынын бурулушуна жол чырак орнотулууда

Транспорт министри Талантбек Солтобаев берген тапшырманын негизинде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Кубакынын бурулушуна жаңы жол чырак орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда жол чырак тесттик режимде иштеп жатат. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана мүмкүн

Жарык берүүчү лампалардын айрым түрлөрү импорттук бажы алымынан бошотулду

Жарык берүүчү лампалардын айрым түрлөрү импорттук бажы алымынан бошотулду

Кыргызстанда жарык диоддук (LED) лампаларды өндүрүүнү колдоо максатында LED модулдардын айрым түрлөрү импорттук бажы алымынан убактылуу бошотулду. Ошондой эле даяр LED лампаларга карата импорттук бажы алымы 5% болуп белгиленди. Бул чечимдер Кыргыз Республикасынын Президентинин Садыр Жапаров “Майлуу-Суу лампа заводун” калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Жалал-Абад облусунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жер силкинүү 18-май күнү саат 20:25те катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Бабаш-Ата тоо кыркасында жайгашып, Арстанбап айылынан батышты көздөй 14 чакырым, Сары-Бээ айылынан түндүк-чыгышты көздөй 20 чакырым жана Манас шаарынан