Бакуда Кыргызстандагы ири туристтик долбоорлор тааныштырылды

Бакуда Кыргызстандагы ири туристтик долбоорлор тааныштырылды

Азербайжандын Баку шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясында Кыргызстандагы ири туристтик жана инфраструктуралык долбоорлор сунушталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Форумга дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышты. Иш-чаранын алкагында Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал тоолуу шаарларды өнүктүрүү боюнча Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесин көтөрдү.

Urban Expo көргөзмөсүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдүн Тамчы айылында курулуп жаткан заманбап туристтик комплекстердин эскиздик долбоорлорун тааныштырды.

Алардын катарында:

  • “Tamchy Resort” — батирлер, коттедждер, виллалар жана эс алуу аймактары камтылган туристтик комплекс;
  • “Urpaq Resort” — төрт мезгилдүү курорттук резиденция, аквапарк жана жеке пляжы менен;
  • “Elizaveta Resort” — премиум-класстагы эс алуу комплекси сунушталды.
Маалыматка ылайык, Президенттин тапшырмасынын негизинде Тамчы айылында 100 гектар аянтка туристтик шаарчалар курулуп жатат. Долбоорлордо аймактын 70%ы жашыл зона жана эс алуу инфраструктурасы үчүн сакталат.

Мындан тышкары, форумда Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору дагы көрсөтүлүп, ал экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган маанилүү демилгелердин бири катары бааланды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн