Бишкек менен Новосибирск биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Бишкек менен Новосибирск биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Новосибирск облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Майис Мамедовдун жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, курулуш жана өнөр жай тармактары, транспорт жана логистика маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары, ишкерликти колдоо жана бизнес активдүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Кубанычбек Иманалиев Бишкек шаарынын мэриясы өнөктөштүктү кеңейтүүгө, заманбап шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана шаарлардын туруктуу өнүгүшү үчүн практикалык тажрыйба алмашуунун маанисин баса белгилешти. Ошондой эле бул жолугушуу кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана Бишкек менен Новосибирск облусунун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө кошумча өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык, инфраструктуралык жана инвестициялык багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мындан ары активдүү кызматташууну улантууга кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн