Бишкекте II кыргыз-венгер тамак-аш өнөр жай форуму өттү

Бишкекте II кыргыз-венгер тамак-аш өнөр жай форуму өттү

Бүгүн Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана Венгриянын кайра иштетүү жана тамак-аш технологиялары жаатындагы алдыңкы компанияларынын катышуусунда II кыргыз-венгер тамак-аш өнөр жай форуму өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Форумдун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венгрия Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.

Анын айтымында, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Министрлик учурда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, өндүрүштөрдү модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.

Форумда технологиялык өнөктөштүк, биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана агроөнөр жай инфраструктурасына заманбап чечимдерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Рустам Балтабаев буга чейин Венгрияда өткөн II Кыргыз-Венгрия агрардык форумуна катышып, венгриялык компаниялар менен түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн эске салды.

“Бүгүн биз ошол байланыштардын практикалык жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Кыргызстанда венгриялык технологияларды, анын ичинде ирригация жана агроөнөр жай инфраструктурасын модернизациялоо багытында киргизүү башталууда”, — деди ал.

Форумдун жүрүшүндө венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, Maurer Gép, Unimatik жана InnovaSter-Trade компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда B2B жолугушуулар уюштурулду.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-венгриялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана технологиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн