Д.Амангелдиев: Күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу 1 сомго кымбаттайт

Д.Амангелдиев: Күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу 1 сомго кымбаттайт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттайт деп билдирди. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

Амангелдиев акыркы күндөрү дүйнөлүк биржаларда дизел жана бензиндин баасы үч эсе өскөнүн кошумчалады. 

Буга чейин бензиндин тоннасы 600 доллардын тегерегинде болсо азыр 1200гө чейин чыкты.

“Биз күйүүчү жана майлоочу майлардын 99,9% Орусиядан импорт кылабыз. Дүйнөдө болсо баа көтөрүлдү. Бааны чектеп койгонго өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бааны чектесек Кыргызстанга күйүүчү майды эч ким алып келбей калат да таңкыстык пайда болот. Таңкыстык болгон жакшыбы же бааны турукташтырып кармап турган жакшыбы? Бул өтө чоң маселе. Акыркы күндөрү дүйнөлүк биржаларда баа үч эсе өсүп кетти. Буга чейин бензиндин тоннасы 600 доллардын тегерегинде болсо азыр 1200гө чейин чыгып кетти. Биз бааны дароо көтөрүп жибербей эки жумада бир жолу бир сомго көтөрүп турууга мүмкүнчүлүк бар. Эгер дүйнөлүк биржаларда баа түшсө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү майды импорттогон компаниялар менен иштеп, бааны түшүргөнгө аракет кылат”, - деди Амангелдиев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштердин негизги максаты — кыш мезгилинде калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары жана курулмалары жаңыланууда. Бекитилген иш тартибине ылайык,

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка  ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads,

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 17-19-июнда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жумуш сапары менен барат.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш сапардын алкагында МинКаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча Эл аралык конференцияга катышат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи.  “Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча