Кибер кылмышка шектүү жаран кармалды

Кибер кылмышка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын И.Э. аттуу жаран 2026-жылдын 2-февралында Telegram мессенжериндеги интернет-дүкөн аркылуу кийим-кече буйрутма кылып жатып, QR-код аркылуу «Оптима Банктагы» жаран М.К.нын эсебине 355 295 сом акча каражатын которгон. Жалпы сумма 7 транзакция аркылуу жөнөтүлгөн бирок тийиштүү товарга ээ болгон эмес.

Ушуга байланыштуу аталган жаран жазуу жүзүндө арыз менен алдамчылык фактысы тууралуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына кайрылып, анын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери шектүү катары 2002-жылы туулган жаран А.Т. экендигин аныктап, аны колго түшүрүшкөн.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» жана «Уурулук» беренелери боюнча соттолгону аныкталды. Ошондой эле, анын кибер алдамчылыкка байланыштуу бир нече кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган жарандын Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу азыр текшерилүүдө.

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгы интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүүдө сак болууга жана текшерилбеген адамдарга акча каражаттарын которбоого чакырат. Бир гана ишенимдүү соода аянтчаларын пайдаланып, алдамчылыкка шек жаралган учурда дароо ички иштер органдарына же «102» номерине кайрылуу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media