Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында курулган жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Глобалдык фонд тарабынан каржыланган.

Жаңы станция COVID-19 пандемиясы маалындагы кычкылтек тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында курулган. Германиядан чыгарылган заманбап жабдуулар менен камсыздалган станция суткасына 100-150 баллон, же 1 200 куб метр медициналык кычкылтек өндүрө алат.

Белгиленгендей, бул көлөм Ноокат районунун гана эмес, коңшу 3-4 райондун муктаждыгын дагы камсыздоого жетиштүү болот.

Мурда медициналык кычкылтек сатып алууга жылына орто эсеп менен 32 млн сом сарпталса, эми чыгымдар 3,7 млн сомго чейин кыскарары айтылды.

Ноокат аймактык ооруканасынын директору Кубатали Азимбаев учурда кычкылтек берүүчү түйүндөр дээрлик бардык палаталарга жана кабыл алуу бөлүмүнө орнотулганын билдирди. Анын айтымында, бул жыл сайын пневмония менен ооруканага түшкөн 2 500дөн ашуун балага жана башка оор бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Маалыматта станция толугу менен мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн