Ошто 9 кг гашишти сатууга аракет кылган жаран кармалды

Ошто 9 кг гашишти сатууга аракет кылган жаран кармалды

Ош облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана таратууга аракет кылган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Д.А. атайын даярдалган жашыруун жайдан баңгизаттарды алып чыгып, аларды андан ары сатуу максатында аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар жалпы салмагы 8 килограмм 943 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылып жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү