Бир жылда Кыргызстандагы музейлерге дээрлик 1 млн адам барган
2025-жылы Кыргызстан аймагындагы музейлерге 931 миң адам келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, музейлерге келгендердин эң көп үлүшү Ош шаарына туура келип, жалпы көрсөткүчтүн 40%дан ашыгын түзгөн. Ал эми Бишкек шаарындагы музейлерге келгендер 20%дан ашык болсо, Чүй облусунда бул көрсөткүч 11%дан ашып, Ош облусунда 8%га жакын болгон.
Быйыл республика боюнча жалпысынан 67 музей иш алып барып, зыяратчыларга 212 миңге жакын экспонат сунушталган.
Экспонаттардын саны боюнча Бишкек шаары алдыда болуп, анда 56 миң экспонат сакталат. Ысык-Көл облусунда 41 миң, ал эми Ош шаарында 34 миң экспонат катталган.
Мындан тышкары, 2025-жылы музей кызматкерлери тарабынан 13 миңден ашык экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына арналган 1 миңден ашуун лекция даярдалган.